Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

БЭК президенттикке талапкерин аныктады


Оппозициялык кыймыл кечээ кечинде өткөргөн жыйында президенттик шайлоого бириккен оппозициянын атынан чыга турган талапкерди аныктады. Бул тууралуу “Азаттыкка” кабарлаган кыймылдын Улуттук кеңешинин мүчөсү Азимбек Бекназаров бирок азырынча талапкердин аты-жөнү ачык айтылбай тургандыгын билдирди. Анын айтуусунда БЭКтин чечими ушундай, оппозициялык кыймыл талапкердин аты-жөнүн 20-апрелден кийин расмий түрдө белгилүү кылмакчы. Кечээ БЭКтин бирдиктүү талапкери Социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев болушу күтүлүп жатканы айтылган эле.
27-мартта жалпы өлкө боюнча өткөрүлгөн оппозициянын митингдеринде бийликке бир канча талаптар коюлган. Эгер бул талаптар аткарылбаса, апрелдин 20сында БЭК дагы нааразылык акцияларын уюштурмакчы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG