Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:33

15-апрелдеги электр жарыгынын өчүүсүнүн хронологиясы жарыяланды


Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин бүгүнкү маалымдоосуна караганда, 15-апрелде кечки саат 20:24 Токтогул ГЭСи-Фрунзе жогорку чыңалуудагы-509 линиясынын бир фазасы өчүп калат. Автоматтык түрдөгү кайра жандырууга карабастан, линия дагы өчүп калган. Натыйжада Казакстандын түштүгү жана Кыргызстандын түндүгүндө электр кубаты келбей калып, өчүүлөр болот. 21:10 Кыргызстандын энергосистемасынын башкы штабында министр И.Давыдов баштаган топ ишин баштап, аварияны четтетүү боюнча аракеттер, сүйлөшүүлөр башталат. 21:58 Токтогул-Фрунзе линиясы ишке киргизилет. Андан ары Талас, Чүй, Бишкек, Ысык-Көл, Нарын облустарына электр кубаты бериле баштады. Авариянын себептери Борбор Азиянын энергосистемасынын өкүлдөрү менен биргеликте иликтенмекчи. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG