Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

Оппозициянын талаптарына бийликтин жообу болот


Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, оппозициянын беш пункттан турган талабына бийликтин жообу жума күнү жарыяланышы күтүлүүдө. Белгилүү болгондой оппозициялык Бириккен Элдик Кыймыл 27-мартта митингде бийликке карата талаптарды койгон. Ал талаптардын ичинде БШКнын, күч органдарынын жетекчилеринин, УТРК жана ЭлТРдин Байкоочулар кеңешинин курамынын жарымын оппозиция сунушу менен дайындоо, саясий куугунтуктарды токтотуу болгон. Бул талаптар аткарылбаса БЭК “Бакиевдерсиз шайлоо” урааны менен нааразылык акцияларын 20-апрелден тарта баштаарын жарыялаган.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG