Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:21

БУУнун жана АКШнын байкоочулары Түндүк Кореядан кетүүдө


Түндүк Кореянын өзөктүк жайларына көзөмөл салган байкоочулардын кетүүсүнө Пхеньяндын аларды чыгаруусу жана курал жасоого жарамдуу плутонийди өндүрүүнү кайра баштаарын жарыялаганы түрткү болду. Дипломаттардын айтымында, маселен БУУнун инспекторлору Йонбондогу өзөктүк комплекстен коюлган мөөрлөр менен видео камераларды түндүк кореялыктар алып салган соң кетишти. АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдиргенине караганда, Йонбондогу өзөктүк комплекске байкоо салган америкалык төрт эксперт да кетүүгө даярданууда.

Түндүк Корея байкоочулардын өлкөдөн чыгып кетүүсүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин билдирүүсүнө жооп ирээтинде талап кылды. Коопсуздук кеңеши апта башындагы билдирүүсүндө Түндүк Кореянын 5-апрелдеги ракета учуруусун айыптаган болчу. Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Роберт Вууд байкоочулардын чыгаруусун “артка кетүү” деп атап, бул окуя Түндүк Кореянын обочодо калуусун азыркыга чейинкиден да күчөтөөрүн белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG