Өлкөнүн антитеррордук комитетинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Чеченстандагы антитеррордук операцияны токтотууга президент Дмитрий Медведев буйрук берген жана бул кадам Чеченстандагы кырдаалды мындан ары нормалдаштыруу максатын көздөйт. Антитеррордук режим Чеченстандын аймагында акыркы он жыл бою өкүм сүрдү. Аймактагы коопсуздук кырдаалынын жакшыруусу буга чейин киргизилген бир катар чектөөлөрдү кайра кароого мүмкүнчүлүк жаратып жатканын орус президенти өткөн айда айткан эле.
Интерфакс агенттигинин Орусиянын коопсуздук кызматтарындагы булактарга шилтеме берип билдиргенине караганда, эми аймактан армия менен ички аскерлердин 20 миңдей өкүлүн чыгарып кетүүгө болот. Чеченстандын москвачыл президенти Рамзан Кадыров антитеррордук операция аяктаганына “терең канааттануусун” билдирди. СССР тарагандан бери Орусия Чеченстандагы жикчил күчтөр менен эки ирээт согушту.