Анда Бирдиктүү Элдик Кыймылдан президенттикке көрсөтүлө турган талапкер өз программасын, кандай система кураарын жарыялайт. Бул тууралуу БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 20-апрелде БЭК маалымат жыйынын уюштуруп, анда Бирдиктүү Элдик Кыймылдын президенттикке талапкери аталат. Ал Социал-демократиялык партиянын партиянын лидери Алмазбек Атамбаев болушу белгиленүүдө. Бириккен Элдик Кыймыл президенттик шайлоодо жеңишке жетишсе парламенттик бийлик системасын курууга аракеттенет.(AiT)