Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

Түркиянын тышкы иштер министри Арменияга келди


Али Бабакан Ереванда Кара деңиз экономикалык кызматташтыгы уюмуна кирген он эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин 20-отурумуна катышат. Учурда Түркия менен Армения ондогон жылдардын бери эки өлкөнүн алакасына көлөкө түшүргөн тарыхый талаштарын чечүүгө аракеттенип жаткан кези. Армяндардын Осмон империясы учурунда массалык түрдө кырылуусун геноцид катары таанытуу максатында Армения жүргүзгөн эл аралык өнөктүккө байланыштуу тутанган тирешүүдөн улам эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамиле жок. 1993-жылы Түркия Тоолуу –Карабах чатагы боюнча Азербайжанга тилектештик көргөзүп, Армения менен чек арасын да жаап салган.

XS
SM
MD
LG