Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:41

КР мамлекеттик катчысы жер көчкүнүн кесепетинен курман болгондордун жакындарына көңүл айтты


Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу кечээ кечинде жер көчкүдөн курман болгондордун жакындары жана туугандары менен жолугуп, аларга Президент Курманбек Бакиевдин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтты. Күтүүсүздөн болгон кырсык Аксы районунун гана эмес, жалпы Кыргызстандын башына түшкөн кайгы экендигин белгилеген мамлекеттик катчы табигат кырсыгынан курман болгондордун жана жабыр тарткандардын үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан бардык зарыл болгон жардам көрсөтүлө тургандыгына ишендирип кетти. Досбол Нур уулу жер көчкөн аймакка кечээ барган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG