Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

Румыния – Молдова кайым айтышуусу эмне менен бүтөт?


Молдованын коммунисттерге каршы нааразычылык иш-чарасы

Молдованын коммунисттерге каршы нааразычылык иш-чарасы

Румыния коңшусу Молдованын бир миллионго чукул жаранына абдан жеңилдетилген түрдө жарандык алууну сунуштады. Муну румын бийликтери молдовандыктарды репрессиячыл бийликтин чеңгелинен куткаруу катары баалашууда. Буга чейин Молдова президенти өлкөсүндөгү парламенттик шайлоодон кийинки баш аламандыктар үчүн Румынияны күнөөлөп, аталган өлкөгө карата визалык режим киргизген.

Европанын эң жакыр өлкөсү саналган Молдовада 5-апрелде парламенттик шайлоо өтүп, жыйынтыкта өлкөнүн президенти Владимир Воронин башында турган Коммунисттик партия 50 пайыздай добуш алып, парламенттик көпчүлүктү камсыз кылган.

Албетте бул - Европага ыктаган молдовалыктарга, өзгөчө жаштарга жаккан жок. Оппозиция болсо бийлик шайлоо учурунда бурмалоолорго жол бергенин айтып, шайлоодон кийин нааразычылык акцияларына чыгарын эскерткен.

7-апрелде болсо Молдованын борбору Кишиневдо миңдеген адамдар көчөгө чыгып, анын акыры баш-аламандыктар менен уланганы белгилүү. Анда нааразычылык акциясына чыккандардын дээрлик басымдуу бөлүгү жаштар болгон эле. Алар полиция менен кагылыша кетип, натыйжада көпчүлүк парламент имаратына кирип барышкан. Кайсы бири парламенттин имаратына Европа биримдиги менен Румыниянын желегин орнотконго да жетишип калган болчу.
Румыниянын президенти Траян Басеску.

Бирок 8-апрелге караган түнү Молдованын полициясы кайрадан көзөмөлдү колго алган эле. А мөөнөтү бүтүп бараткан президент Воронин баш-аламандыктар үчүн коңшусу Румынияны айыптап, румын элчисин персона нон грата деп жарыялаган. Эл аралык эреже боюнча персона нон грата деп жарыяланган дипломат ошол өлкөнүн аймагынан 24 сааттын ичинде чыгып кетүүсү керек.

Андан кийин бул эки өлкөнүн мамилеси улам барган сайын салкындоонун гана үстүндө. Молдова тарап румын бийлиги өлкөсүндөгү оппозицияны бийликтерге каршы тымызын тукурганын айтып, румыниялыктар үчүн визалык режим киргизгенге да үлгүрдү. Ага чейин эки өлкө эли бири-бирине ээн-эркин каттап жүрүшчү. Эми ырасмий Бухарест, өз кезегинде миллионго жакын молдовалыктарга жеңилдетилген виза берерин айтууда.
Молдованын президенти Владимир Воронин.


Румын бийлиги Кишиневдогу баш аламандык болгон күндүн эртеси эле коңгуроо кагып, Европа биримдигин Молдовадагы репрессиялык иш-аракеттерге көңүл бурууга чакырган. Кийинчерээк президент Траян Бэсеску молдовалыктардын репрессияга кабылышына көз жумуп кое албасын, тууган элге кол сунарын айтып чыккан.

«Биз Прут дайрасы кайрадан «темир чеңгел» алдында калуусуна жол бергибиз келбейт»,- деген Траян Бэсеску.

Эскерте кетсек, бул эки өлкөнүн тили окшош, теги да бир экендигин тарыхый булактар айтып турат. Румын тарап Молдованы Молотов-Рибентропптун пактына ылайык, Румыниядан СССР тартып алганын айтып келет.

Оппозициянын нааразычылыгынан кийин бийликтер шайлоонун жыйынтыктарын кайра эсептөөгө макул болушкан. Молдова бийлиги кайра эсептөөнү 17-апрелде аяктамак. Бирок оппозиция, кайра эсептөөгө да макул болбой турат. Анткени, алардын айтымында негизги мыйзам бузуулар бюллетендерди салууда эмес тизмелерди түзүүдө көбүрөөк жол берилген.

А президент Воронин болсо, каршы тараптын жана эл аралык коомчулуктун кысымы алдында акыры нааразычылык учурунда кармалгандарды бошотууга аргасыз болду.

«Мен сот бийлигинен жалпы амнистия жарыялоону жана нааразычылыкка чыккандарга карата козголгон бардык сот иштерин токтотууну өтүнөм»,- дейт Молдова президенти Владимир Воронин.

Молдовадагы абалга Европа кеңеши да ырасмий тынчсыздануусун билдирди. Европа биримдигине төрагалык кылып жаткан Чехиянын премьер-министри Мирек Тополанек 22-апрелде Кишинев шаарына келип, шайлоодон кийинки абал тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG