Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:05

Түркия Азербайжан бийлигинин таарынычын жаза алабы?


Түркиянын тышкы иштер министри Али Бабажан
Түркиянын тышкы иштер министри Али Бабажан

Түркиянын тышкы иштер министри Али Бабажан 15-апрелде Арменияга иш сапары менен барып, армян жетекчилери менен жолугушту. Карадеңиз экономикалык кызматташтык уюмунун жыйынына катышкан министр Бабажан Түркия менен Армениянын мамилелерин жөнгө салуу максатына багытталган дипломатиялык жараянды талкууга алды.

Карадеңиз экономикалык кызматташтык уюмунун жыйынына катышуу максатында Ереванга барган Түркиянын тышкы иштер министри Али Бабажан армян кесиптеши Эдуард Налбандиян жана Армениянын президенти Серж Саркисян менен жолугушту.

Маалыматтарга ылайык, сүйлөшүүлөрдө Түркия-Армения жана Азербейжан-Армения ортосундагы талаштуу маселелер жана жалпысынан бул проблемаларды чечүүгө багыталган бир жылдай мезгилден бери өлкөлөрдүн атайын өкүлдөрү ортосунда өткөрүлүп келе жаткан сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү көздөн өткөрүлгөн.

Саркисян-Бабажан-Налбандиян жолугушуусунун бир бөлүмүнө Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун да катышканы маалымдалды. Сүйлөшүүлөр учурунда, эки ортодогу маселелерди чечүү үчүн бир чечим табылуусунун зарылчылыгына басым жасалып, Түркия менен Армениянын ортосундагы жакындашуу жараяны, Азербайжан менен Армениянын мамилелери үзөңгүлөш түрдө алга жылуусу керек экени баяндалган.

Али Бабажан айрыкча Азербайжандын тышкы иштер министри Махмуд Маммад Гуллиев жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен аймактык маселелерди талкуулаган.

Белгилүү болгондой, Түркия акыркы айларда Ереван менен мамилесин жөнгө салуу максатында ири кадамдарды таштады. Өткөн жылы Түркиянын президенти Абдулла Гүл футбол мелдешин көрүү үчүн Ереванга тарыхый сапар менен барганы да буга олуттуу салым кошту. Андан кийин Али Бабажан Азербайжан жана Армениянын тышкы иштер министрлери менен БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышуу максатында Нью-Йоркко барганда жолуккан эле. Ошондо Бабажан мырза Азербайжандын Тоолуу Карабак маселесине ишара кылып, буларды айткан:

- Азербайжан менен Армениянын ортосундагы талашты жөнгө салуу ишинде алга жылуулар, өз учурунда Түркия менен Армениянын ортосундагы маселелердин чечилүүсүнө да үлүшүн кошмокчу.

АКШнын президенти Барак Обама Түркияда болгон учурунда расмий Анкаранын тез арада Армения менен чек арасын ачып, Ереван менен дипломатиялык байланыш түзүүгө чакырганы тууралуу кабарлар адегенде Азербайжандын кыжырын келтирип, Баку Түркияга таарынычын билдирди. 15-апрелде Ереванда өткөн сүйлөшүүлөрдө Түркия Азербайжандын бийлигин эпке көндүрө алды же жокпу азырынча маалым эмес.

Армения: Элеттиктер чек аранын ачылышына зар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:12 0:00


Тасмада: Армения: Элеттиктер чек аранын ачылышына зар

Армениянын Маргара кыштагынын тургундары чектеш Түркиядагы коңшулары менен соода жүргүзө албайт, жада калса чек аранын бери жагындагы өз үлүшүндөгү жер тилкесине да оңдоп каттай алышпайт. Алар Анкара менен Еревандын мамилеси жакшырат деп үмүттөнүшөт. ZMa.

XS
SM
MD
LG