Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:15

Депутаттар Кадыралиевдин өлүмүн иликтөө боюнча маалыматты талап кылышты


"Ак жол" фракциясынын төрагасы Улугбек Ормонов Кадыралиевдин өлүмүн иликтөө боюнча тартип коргоо органдары толук маалымат берүүсүн талап кылды. Анын айтымында, мындай талапты эл коюп жатат. Ал эми ага депутат Рашид Тагаев менен Лейла Сыдыкова тартип коргоо органдарынын жетекчилеринин жоктугуна байланыштуу зарылдыгы жок деп каршы болушту. Улугбек Ормоновдун талабын Афтандил Арабаев колдоп, тергөөнүн жүрүшү жөнүндө маалымат берүү керек экендигин билдирсе, Ибрагим Жунусов бул маселени күн тартибине киргизүү, киргизбөөнү талкуулоонун өзү жөнсүз деп сынга алды. Санжар Кадыралиевдин өлүмү боюнча маселени күн тартибине киргизүүсүз эле талкуулоо зарылдыгын Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Бакыт Бешимов, депутат Иса Өмүркүлов жана Коммунисттер фракциясынын депутаты Бейшенбек Акунов билдиришкенден кийин маселе 76 депутаттын колдоосу менен күн тартибине киргизилди.(BD)

XS
SM
MD
LG