Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:02

А.Мамасалиев: Кадыралиевдин өлүмү саясий киши өлтүрүү


Депутат Алишер Мамасалиев мында бааны Санжар Кадыралиевдин өлүмү боюнча парламентте берип, уюшкан кылмыштуу топтор турмуштун бардык тармагына аралашып, тартип коргоо органдарына элдин ишеними такыр төмөндөдү деп билдирди. Депутат Бакыт Бешимов Кыргызстан кылмыштуу бандиттик өлкөгө айланды деп, ага чуулгандуу кылмыштардын бетинин ачылбай жаткандыгын мисалга тартты. Депутаттын айтымында, уюшкан кылмыштуу топтордун саясатчыларды коркутуп-үркүтүүгө колдонулуп жаткандыгына да негиздер бар. Ошон үчүн тартип коргоо орган жетекчилерин кызматтан алып, тармакты кайра түзүүнү сунуш кылды. Бешимовдун баамында, тармак кайра түзүлгөндөн кийин гана чуулгандуу кылмыштардын бети ачылышы мүмкүн.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG