Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:10

К.Жолдошев: Өлүмдөн саясий оюн кылуунун кереги жок


"Ак жолчу" депутат Кубанычбек Жолдошев Санжар Кадыралиевдин өлүмүн саясатка аралаштырып, андан саясий упай топтобоого депутаттарды чакырып, бул чуулгандуу кылмышка президент Курманбек Бакиев баштаган бийлик өкүлдөрүнүн кабыргасы кайышып тургандыгын билдирди. Анын айтымында, президент Курманбек Бакиев депутаттын өлүмүнө катуу кейип тургандыгын Жогорку Кеңеш төрагасы аркылуу билдиргенден кийин бийликтин башка өкүлдөрү да кубанып отурган жери жок. Ошон үчүн өлүмдү саясий оюнга айландырбай, тиешелүү органдардын иликтөөсүнө көмөктөшүү зарылдыгын жана аны иликтөөчү атайын органдар бар экендигин билдирди. (BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG