Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:04

Күч органдарынын ишин талкуулоодо «акжолчулар» менен социал-демократтардын ортосунда кайчы пикирлер чыкты


Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү Ж.Жээнбеков, И.Карамушкина, Б.Бешимов, Р.Отунбаева жана И.Өмүркулов өздөрүнүн «жарыш сөздөрүндө» Санжар Кадыралиевдин өлүмүнүн бетин ачылаарына ишеним жоктугун, анткени күч органдары жалаң гана оппозицияны аңдып, аны куугунтуктоого көңүл буруп, буйрук менен атылгандар боюнча кылмыш иштеринин бети ачылбай жатканын айтышты. «Күч органдары бир гана К.Бакиевдин бийлигин коргоого кызмат кылып жатат", деди Р.Отунбаева. Ж.Жээнбеков болсо «митингге чыкпа» дегенге гана милийса кыйын, башкага жарабайт, деди. Р.Отунбаева күч органдары кылмышкерлер менен аралашып кеткенин, коюн-колтук алышып, достошуп алышканын билдирип, "Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчисинин кумар ойноп, карта кармап отурган сүрөтү интернетте турат» деди. «Жарыш сөзгө» чыккан «Ак жол» фракциясынын мүчөлөрү У.Ормонов, К.Жолдошев социал-демократтарга «С.Кадыралиевдин өлүмүнөн саясат жасабагыла» деп кайрылышты.(BD)

XS
SM
MD
LG