Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Аксыдагы көчкүдөн каза болгондордун сөөгү бүгүн жерге коюлду


Аза күтүү жыйынына Мамлекеттик катчы Нур уулу Досбол, муфтий Мураталы ажы Жуманов, Күтүүсүз кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев катышты. Нур уулу Досбол кырсыкка кабылган адамдардын баарына керектүү жардамдар берилээрин билдирди. Аза күтүү зыйнатына БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров да катышып, жапа чеккен адамдарга өзүнүн атынан үч миң сомдон жана БЭКтин атынан 10 миң сомдон материалдык жардам берди. Мындай маалыматты "Азаттыктын" облустагы кабарчысы Ырысбай Абдраимов билдирди. 16-апрелдин түнүндө Аксы районундагы Райкомол айылында жер көчкү журүп, үч үйду басып калган. Анда 16 адам көз жумган. Анын ичинен мектеп жашына чейинкилер экөө, мектеп жашындагылар тогуз, чоңдордон беш адам. Алар:
1. Бокоев Алтынбек-1970-.ж.
2. Айталиева Айгүл-1972-ж.
3. Алтынбек уулу Арген-1994-ж.
4. Алтынбек уулу Танго-1999-ж.
5. Алтынбек уулу Кайрат-2008-ж.
6. Койчуманова Калбү-1934-ж.
7. Койчуманова Жыргалбүбү-1963-ж.
8. Шавкат уулу Бектур-1992-ж.
9. Жыргалбек уулу Баяман-1996-ж.
10. Жыргалбек кызы Жазгүл-2003-ж.
11. Жыргалбек уулу Айбек-1992-ж.
12. Ажиева Жамал-1928-ж.
13. Ырысалы кызы Азимкан-1991-ж.
14. Ырысалы уулу Айдаралы-1993-ж.
15. Ырысалы кызы Гүлүмкан-1995-ж.
16. Ажиев Айбек-1997-ж.

Кырсыктан жапа чеккендердин бири да турак-жайсыз калбаганын Күтүүсүз кырдаалдар министрлиги мурда кабарлаган.(BD)

XS
SM
MD
LG