Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:17

Кыргызстан элдеринин курултайы оппозицияга чакырык таштады


Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын бүгүнкү курултайынын делегаттары ушундай маанидеги кайрылуу кабыл алышып, оппозицияны так кесе талап койгон саясаттан баш тартып, күрөштү баарлашуу жолу менен жүргүзүүгө чакырды. Кайрылууда митинг менен талап койгон мезгил өттү жана андай аракет мамлекетти жоготуу коркунучуна кептелтет деп, мамлекетти чындап сүйгөн жарандарды Ата Мекенди коргоо, ички аразадашууларга жол бербөө үндөөсү айтылат. БЭКтин Улуттук кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиев кайрылууну калктын басымдуу бөлүгү кабыл албайт, анткени бийликтин сөзүн сүйлөгөн адамдардан турган бул уюмду өз учурунда Акаев түзүп, азыр ал Бакиевге кызмат кылып жатат деп "Азаттыкка"билдирди. Анын айтымында, ассамблея жетекчилигине бийликтен ар кандай жеңилдиктерди алган адамдар топтолуп, өлкө калкынын баарынын мүдөөсүн эмес бийликтегилердин гана кызыкчылыгын коргоп келет. (BD)

XS
SM
MD
LG