Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Р.Отунбаева: Мамлекеттик күзөт башкармасы эң жогорку саясий мекемеге айланды


Жогорку кеңештин депутаты Роза Отунбаева мындай пикирин бүгүн парламентте билдирди. Анын айтымында, Мамлекеттик күзөт башкармасы бийликтеги бир гана адамдын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып, өтө жогорку техникалык жабдуулардын баарын саясатчыларды аңдуу жана оозун басуу үчүн колдонуп жатат. Отунбаева андан тышкары тартип коргоо органдарынын жетекчилери кылмыш топтору тартуулаган үйлөрдө жашап, мамлекеттик кызмат менен кылмыш дүйнөсүн аралаштырып салган. “Ошон үчүн мамлекеттик орган менен кылмыштуулуктун биригишине жол берген бийликти алмаштыруу керек жана аны эл жакшы түшүнүп калды”,-деп билдирди. Ал эми президент Курманбек Бакиев бүгүн Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын курултайында “оппозиция бийликтеги адамдарды алмаштырууну талап кылып жатат, бирок андай алмаштыруулар натыйжа бербейт. Ал үчүн коомдук системанын механизмдери менен багыттарын өзгөртүү керек деп билдирди. (BD)

XS
SM
MD
LG