Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

Бийлик оппозиция талабына жооп берди


Бүгүн президенттин катчылыгы оппозициянын 27-мартта койгон талаптарына жооп берди. Катчылык анда Бирдиктүү элдик кыймылдын айрым талаптары мыйзамсыз, кээ бир учурда Конституцияга карама-каршы келип, башка жарандардын укугун басмырлаган жана мурда жасалган кылмыш иштери үчүн жоопкерчиликтен бошотуу талаптарын камтыйт деп белгилеген. Андан тышкары оппозициянын айрым талаптары демократиянын талаптары менен үндөш, бирок алар президенттин “Жаңылануу багытынын" алкагында эбак ишке ашырыла баштады деп, дээрлик бардык талаптарды ишке ашыруу мүмкүн эмес деп жооп берген. БЭКтин мүчөсү Темир Сариев “Азаттыкка” бийликтен мындан башка жооп күтүлгөн эмес десе, Топчубек Тургуналиев БЭК мурда кабарлангандай 20-апрелде жыйын куруп, мөөнөтсүз саясий акцияларын баштаарын билдирди. Ал эми президенттин катчылыгы өз жообунда оппозицияга калктын колдоосунан ажырап баратат жана анын митинг өткөрүү демилгеси азыркы саясий кырдаалга дал келбейт деп баа берди.(BD)

XS
SM
MD
LG