Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:35

Жамааттык коопсуздук келишим уюмдун баш катчысы келет


Николай Бордюжа Кыргызстанда 20-23-апрель күндөрү иш сапар менен болот. Сапардын жүрүшүндө аталган уюмдун жамааттык коопсуздук Кеңешинин кезектеги жыйынын уюштуруп өткөрүү маселеси талкууланмакчы. ЖККУга мүчө мамлекеттеринин кызматташуусу тууралуу сөз болот. Н. Бордюжа президент Курманбек Бакиев баштаган расмий адамдар менен жолугушуусу болжолдонуп жатат. Кыргызстандын коопсуздук кеңешини билдиришинче, баш катчы Кыргызстандагы маңзаттарды сатуу жана ага каршы эл аралык күрөш боюнча жыйынга катышат. (EBM)

XS
SM
MD
LG