Линктер

дүйшөмбү, 24-апрель, 2017 Бишкек убактысы 11:35

Баткенде Аксыдагы кырсыктан жабыркагандарга ыктыярдуу жардам берүү уюштурулду


Бул тууралуу Баткен облус губернаторунун маалымат катчысы Мамажан Бердишев 17-апрелде «Азаттыка» билдирди. Анын айтымында, облус губернатору Аксы районунун Райкомол айылындагы түн ичинде болгон кайгылуу окуяга байланыштуу облус элинин атынан көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. Анда Баткен облусунда бул кырсыктан жабыр тарткандарга материалдык ыктыярдуу жардам көргөзүү боюнча уюштуруу иштери колго алынгандыгы да айтылган. Губернатордун маалымат катчысы ошол эле учурда бул кырсыктан сабак алып, облус аймагында коркунучтуу делген аймакта жашап жаткан 260 үй-бүлөнү көчүрүү аракети көрүлүп жатканын да кошумчалады. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG