Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Бийлик БЭКтин талаптарына жооп берди


27-марттагы митингде БЭК бийликке беш бөлүктөн турган талап койгон эле.
27-марттагы митингде БЭК бийликке беш бөлүктөн турган талап койгон эле.

Президенттин Катчылыгы оппозициянын 27-мартта митинг учурунда кабыл алган талаптарына 17-апрелде жооп берди. Жоопто оппозициянын айрым талаптары мыйзамга жана конституцияга каршы келери, айрымдары президенттин жаңы багытында аткарылып жатканы белгиленген.

27-мартта Бишкекте Бириккен элдик кыймыл уюштурган митингде беш бөлүктөн турган талап кабыл алынган. Талаптарга БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаровдун колу коюулуп, өкмөт үйүнө жеткирилген. Анда оппозиционерлер президенттик шайлоо алдында Борбордук шайлоо комиссиясынын, күч органдарынын жетекчилеринин, УТРК жана ЭлТРдин Байкоочулар кеңешинин курамынын жарымын оппозициянын сунушу менен дайындоону, саясий куугунтукту токтотуу, талапкерлерге үгүт иштерин жүргүзүүгө бирдей шарт түзүү талаптарын бийлик алдына койгон.
27-марттагы митинг. Бишкек, 2009-жыл.

17-апрелде кечке жуук президенттин катчылыгы бул талаптарга жообун берди. Анда БЭКтин айрым талаптары мыйзамсыз жана Конституцияга каршы келери белгиленген. Ошол мезгилде оппозиция талаптарынын айрымдары демократиялык нормаларга туура келери, бирок ал президенттин “Жаңы багытында” турмушка ашырылып жатат деп айтылган.

БШКнын курамынын жарымы оппозициянын сунушу менен шайлансын деген талапка, БШК Конституция жана мыйзамга ылайык куралаары, ал эми участкалык шайлоо комиссияларына оппозициялык партиялардан мүчөлөр киргизилгени катчылыктын жообунда белгиленген. Ошондой эле күч структуралары калктын кайсы бир бөлүгүнө эмес, жалпы коомго кызмат кылаары айтылган.

Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү Иса Өмүркулов бийликтин жообу БЭКтин 20-апрелде боло турган жыйынында талкууга алынаарын билдирди:

-Эми мунун баарына БЭКтин чогулушунда талкууланып, чечим кабыл алынат. Сөзсүз бизден жооп болот.

Иса Өмүркулов жеке өзү саясатчы катары жоопко мындай баасын берди:

-Мен ойлоймун, президент мурунку айткан сөздөрүндө мен оппозициянын радикалдары менен да тегерек үстөлгө отуруп, аларды угууга, кызматташууга даярмын деген эле. Анан биздин сунуштарда мыйзамга каршы келген жерлер деле жок болгон. Ошондуктан биз ойлогонбуз, бул жолу биздин сунуштарга маани берилет деп. Тилекке каршы бийликте компромисске баруу ою жок окшойт.

Бийликтеги “Ак жол” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Орозалиев оппозициянын талаптары негизсиз экенин билдирген:

- Бул маселе боюнча айтаарым, биз бекиткен БШКнын мүчөлөрү ар кайсы партиялардан, өкмөттүк эмес уюмдардан келген. Ал жагы толук аткарылган. Мыйзамда БШК кандай куралышы так жазылган. Ал иш мыйзамга ылайык толук аткарылган деп ойлоймун. Анан кийин эле сөзсүз эле мен оппозиционермин, анан сөзсүз эле мен киришим керек деген доомат туура эмес болуш керек.

Саясат таануучу Марат Казакпаев эки тарап тирешүүнүн ордуна сүйлөшүүнүн экинчи бөлүгүн өткөрсө туура болоор эле деген пикирде:

- 27-мартта кабыл алынган оппозициянын талаптары жалпысынан туура эле. Бирок “Бакиевсиз шайлоо өткөрүү” талабы туура эмес. Ал Конституцияга да туура келбейт. Калган талаптары туура эле. Эми катчылык ошондой жооп бериптир. Бирок менин оюмча, бийлик өзү сүйлөшүүгө чыкса болмок. Оппозициянын талаптарын бийлик аткарса болот эле.

Оппозиция убада кылган митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG