Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:33

Өлкөнүн билим берүү тармагы иликтенүүдө


Бул күндөрү тутумуна отуздан ашык өнүккөн өлкөлөр кирген Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун миссиясы менен Дүйнөлүк банк Кыргызстандын билим берүү тармагынын деңгээли менен келечегин иликтеп жатат. Жогорку Кеңештин билим берүу жана массалык маалымат каражаттар боюнча комитетинин төрагасы Иса Өмүркуловдун "Азаттыкка" берген маалыматына караганда, миссия иликтөөсүнүн жыйынтыгын ушул жыл аягында жарыялап, анда жалпы билим берүүнү жакшыртуу боюнча багыттарын сунуштап, каржылык жактан көмөгүн берет. Депутаттын айтымында, Кыргызстандын билим берүү тармагындагы башкы көйгөй тажрыйбалуу мугалимдердин жетишсиздиги жана буга маянанын аздыгы биринчи себеп. Азыр тармакка үч жарым миң мугалим жетишпейт, ал эми иштеп жаткандардын 40 пайызы пенсионерлер.(BD)

XS
SM
MD
LG