Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

К.Ташиев: Аксылыктардын алдында моралдык күнөөбүз бар


Күтүүсүз кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев "Азаттыкка" мындай пикирин Аксы районундагы Райкомол айылындагы жер көчкүгө байланыштуу билдирди. Министрдин айтымында, жер көчкү болушу мүмкүн экендигин алдын-ала иликтеп, тургундарга эскертүү бербеген министрлик моралдык күнөөбүз бар деген бүтүмгө келип, жакын арада ал боюнча чечим чыгарган жатат. Министрлик ал жердеги жыйырма үйдү коопсуз жерге көчүрүү көрсөтмөсүн берди. Жер көчкүгө кабылган айыл тургундары министрлик мурдатан эскертсе башка жакка көчүп кетүүгө даяр экендиктерин мурда билдиришкен. Райкомол айылында 16-апрелдин түнүндө болгон жер көчкү 16 адамдын өмүрүн алып кеткен.(BD)

XS
SM
MD
LG