Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:42

Жогорку Кеңештин депутаты Санжарбек Кадыралиевди атып кетишти. Аксыда жер көчкүдө 16 адам каза тапты. Курманбек Бакиев президенттик шайлоого чет мамлекеттер таасир тийгизиши ыктымалдыгын билдирди, оппозиция бирдиктүү талапкерин тандады.

Кырсыктуу жума

Өтүп бараткан жума кырсыктары көп жума болду. Алгач 14-апрелде кечке жуук Жогорку Кеңеш депутаты Санжарбек Кадыралиевди

Бишкекте белгисиз бирөөлөр атып кетти. Андан кийин 15-апрелде Кара-Суу районунда Тико автоунаасы сууга түшүп кетип, төрт киши каза тапканы кабарланды. Ошол эле күнү кечке жуук Бишкек-Ош жолунунун Кара-Көл шаарындагы бөлүгүндө Гольф автоунаасы Камаз менен кагышып, андан алты киши мүрт кеткен. Каргашалуу кырсыктардын кезметин 15-апрелден 16-апрелге караган түнү Аксыда болгон жер көчкү улады. Ал кырсыктан 16 адам, анын ичинде 11 мектеп жашындагы балдар каза тапты.

Өтүп бараткан жумада ошондой эле техногендик мүнөздөгү да кырсык болуп, Токтогул ГЭСинен өлкөнүн түндүгүн карай тартылган жогорку чыңалууда электр линиялары иштен чыгып, Казакстандын түштүгү жана Кыргызстандын түндүгү электр жарыгысыз калды. Туура, ал кырсык кыска мөөнөттө четтетилип, авариянын себептери учурда иликтенүүдө.

Аксыдагы кырсыктын кесепетин жоюуда өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев баш болгон куткаруучулар ыкчамдуулукту көрсөтүп, каза болгондордун сөөгүн табышып, алардын тажыясын өткөрүүгө жергиликтүү бийлик менен биргеликте кам көрүштү. Министр Ташиев Аксыдагы киши өлүмүнө моралдык айыптарын сезип жатышканын билдирди:

-16-апрелде болгон жер көчкү алып келген кесепеттерге биздин да күнөөбүз бар. Министр катары мен моралдык күнөөмдү мойнума алып жатам. Бүгүн-эртең ал маселе боюнча чечим кабыл алабыз. Себеби ошол үч үйгө биз тараптан эч кандай эскертүү берилген эмес экен. Мунун баарын териштирип бүттүк. Эгерде эскертүү берилгенде ошол адамдар тирүү калат беле? Же болбосо жаан жааганда коркуп, башка жакка барып турат беле деген ойлор болуп жатат. Аларды эскертүү жана ошол багытта иштөө биздин министрликтин мониторинг департаментинин иши эле да.

Ташиев Кыргызстандагы жер көчкү, сел жүрүү коркунучу бар жерлер тууралуу буларды белгиледи:

-Кыргызстандын 70% аймагында жайгашкан адамдар толук кооптуу жайларда турушат.Ошол эле Райкомол айылынын батыш тарабындагы 20 үйдү көчүрүүгө биз көрсөтмө бердик. Калган үйлөр дагы каралып жатат. Ал эми бизде айылдар тоолордун этегинде, суу жээктеринде жайгашкандыктан кооптуу жерлерде жайгашкандар өтө көп. Биз ошол айылдардын баарын көчүрүп чыга албайбыз. Андай мүмкүнчүлүк бизде жок. Бирок ошондой жерлерде жайгашкан адамдарга өз убагында маалымат берип, ушундай коркунучтуу жерлерде турганын эскертип, күн көп жааганда үйүңөргө жатпастан, башка жактарга барып тургула, же көчүп кеткиле деп дайым айтып турушубуз керек.

Игорь Чудиновдун кетээрдеги кербездери

Мына ушул жумада өкмөт башчы Игорь Чудинов кызматтан кете турган кейиптенип, адатта чоң чиновниктер жашыра турган нерселерди ачыка чыгара баштады. Маселен, Чудинов Бишкектеги эң кымбат деп эсептелчү “Адмирал” рестораны анын үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, ресторан бузулуп, анын ордуна жаңы курулуш болоорун жарыя кылды. Андан сырткары, эгерде 2007-жылдын соңунда өкмөт башчылыкка киришип жатканда кыргыз тилин үйрөнүүгө катуу аракеттенип жатканын, жакында сүйлөп калышы ыктымалдыгын айтса, эми бир жарым жылдык аракеттен майнап чыкпаганын, “кыргыз тил боюнча эки деген баа алып жатканын” ачыктады.

Андан мурдараак, 14-апрелде Игорь Чудинов президенттик шайлоодон кийин өкмөттүн курамы да, структурасы да өзгөрөөрүн билдирген эле:

-Июнь айынын этегине карай өкмөттүн жаңы структурасынын долбоору пайда болот. Президенттик шайлоодон кийин жаңы өкмөт келет. Анын жаңы структурасы болот. Бизде өкмөт, министрилктерде бири-бирин кайталаган учурлар көп мына ошолорго жол берилбеш керек жана регуляция кылуу милдеттери агенттиктерге берилиш керек.

Мүмкүн Курманбек Бакиев Россиянын шайлоо өткөрүү тажрыйбасын эске алып, президенттик шайлоо алдында өкмөттү жаңылап, премьер-министрин, же кезектеги тандемдешин алып чыгабы деген түкшүмөл бар.

Ички саясат жана геосаясат

Ал эми шайлоо кампаниясын болсо президент 17-апрелде Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын курултайында баштады. Болгондо да анда мамлекет башчысы сырткы коркунучтарды эскертип, анын алдында “бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаруу” ураанын көтөрдү. Киши алмашуудан өзгөрүү болбойт, система өзгөрүш керек деген оппозициянын буга чейинки ураандарын кайталады. Белгилүү болгондой оппозиция система алмашмайын, үй-бүлөлүк башкаруу, коррупция токтобосун билдирип, системаны өзгөртүү боюнча концепциясын жарыялаган.

Мамлекет башчынын пикиринде, Манастагы аскерий базаны чыгаруу жана ГЭСтерди куруу чечими чет өлкөлөрдүн Кыргызстанга башкача көз караш менен карашын пайда кылууда. Ошондуктан ал өлкөлөр президенттик шайлоого таасир этүүгө аракет жасашат. Белгилүү болгондой Манастан АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын аскерлери чыгарылган. Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна Ташкен каршы чыгууда.

Саясат таануучу Марс Сариев өлкө ичинде туруксуздук болсо, анда сырткы күчтөр андан пайдаланып, анын аягы жакшылык менен бүтпөсүн эскерткен.

Ал эми дагы бир саясат таануучу Марат Казакпаев Кыргызстан ички ишине эч ким кийлигишүүгө акысыз дейт:

-Биздеги шайлоолорго, мейли ал президенттикпи, же парламенттикпи тышкы өлкөлөр кийлигишпеш керек. Кыргызстан өз алдынча мамлекет. Базаны чыгарабы, чыгарбайбы, же энергетика болобу булардын баары биздин ички ишибиз. Эч бир да мамлекет кийлигишүүгө акысы жок.

ГЭСти курууга байланыштуу Кыргызстан менен Россиянын чечими геосаясий өзгөрүүлөргө алып келүүдө. Маселен, Өзбекстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан чыгуу маанайын көрсөтө баштады. Ташкен регионалдык саясатта да активдүүлүктү көрсөтүп, Астана жана Ашхабад менен сүйлөшүп, Кыргызстан менен Тажикстандын ГЭСтерди куруу аракетине каршылык көрсөтүүдө чогуу болууга үндөөдө.

Өзбекстандын маалымат каражаттары ГЭСтерге каршы чабуулду күчөтүп, Арал деңизинин соолушуна ири гидрокурулуштардын таасири бар деген сөздү бетке кармай баштады. Ошол эле мезгилде Аралдын кургашына биринчи кезекте Өзбекстандын жүз миңдеген гектар аянтка айдалган пахта жана башка өсүмдүктөрү себепкер экени жашырылып коюлууда.

Кыргызстандык эксперт Базарбай Мамбетовдун пикиринде, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу менен Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка жетишет. Өзбек тараптын чочулоосунун биринчи себеби ушул жакта жатат. Белгилүү болгондой Өзбекстандын Кыргызстанга таасир эте алаар бирден-бир рычагы газ болуп турат. Анткени буга чейин көбүнесе Ташкендин кысымы менен Кыргызстан Өзбекстан аркылуу темир, авто жол каттамдарды токтоткон.

Соода-экономикалык кызматташуу солгундаган. Ошондуктан бул жактан Ташкендин рычагдары жокко эсе. Эгерде Кыргызстан өзбек газынан көз карандысыздыгын жойсо, анда Ташкен суу жагынан Бишкектин көзүн кароого аргасыз болуп калат. Мына ошол фактор Ташкенди катуу кыжалатка салып жаткандай.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев мына ушул геосаясий оюндарда Кыргызстан утпай калыш мүмкүндүгүн эскертет:


- Албетте, Өзбекстан өзүнүн позициясын билдирип жатат. Негизи бул маселелер сүйлөшүү жолу менен чечиле турган маселелер. Ошол маселелердин чечилбей жатышынын себеби эки тараптуу мамилелерибизди оңдой албагандыгызда. Бул биздин тышкы саясатыбыздын мажирөөлүгү. Гансини чыгаруу да тышкы саясатка чоң минус болду. АКШнын аба базасы турганда мынабундай чоң сүйлөгөн кошуналар болбогону эсибизде. Кетет дегенден бери чоң сүйлөгөндөр көбөйүп жатат. Анан эми (Өзбекстан) ГЭСтерди салдырбаймын деп басым көрсөтүп турат. Ушул маселе мага болушпасаңар андан ары кетем (ШКУ, КМШ жана башка уюмдардан) дейт дагы, анан бизге болуша тургандар “жок, ГЭСтин курулушун токтото тургулачы” дегенге келиши ыктымал. Мына ошол жерден биз чоң утулушка туш болушубуз мүмкүн. Ошон үчүн биз эки жакка кылчактабай эле Өзбекстан менен өзүбүз “ийри отуруп, түз кеңешип”, муну мындай кылайлы, тигини тигиндей кылайлы деп эле чечишибиз керек.

Оппозициянын тандоосу

Мына ушундай шартта Кыргызстан оппозициясы акыр аягында бирдиктүү талапкерге токтолгонун билдирди. Ал талапкердин ысмы 20-апрелде Бириккен Элдик Кыймылдын лидерлери өткөрө турган маалымат жыйынында ачыкталмакчы. Бул тууралуу БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров кабарлады:

-Негизинен бир талапкерге токтолдук. А бирок ал талапкердин аты, ким экени 20-апрелде атайын маалымат жыйынында жарыяланат. Ушул боюнча чечим кабыл алынды.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого талапкер катары катышуудан баш тарткан кийин оппозиция токтоло турган экинчи талапкер Социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаев экени белгилүү болчу. Бирдиктүү талапкер катары Атамбаев тандалганын оппозиция лидерлери расмий эмес шартта ачык эле айтып жатышат. Ошондуктан 20-апрелде Бириккен Элдик Кыймыл атынан бирдиктүү талапкер катары социал-демократтардын лидеринин ысмы аталаары белгилүү болуп турат.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Алмазбек Атамбаев тууралуу мындай пикирин билдирди:

-Албетте, финансылык мүмкүнчүлүктөрү боюнча ага токтолушту окшойт. Дурус жактары айтсак, бул уюштуруу жөндөмчүлүгү бар жигит. 24-марттагы ыңкылаптын ташынын Бакиевдер тарапка ооп кетишинин себепкеринин бири Атамбаев болгонун эстен чыгарбашыбыз керек. Эгерде Атамбаевдин колонналары аянтка кирип келбегенде кырдаал кандайча өнүгүп кетет эле белгисиз. Эми ал иштер өттү. Кийин бийликке келген менен эч маселе чечпей эле орден тагынып кайта кеткенин баарыбыз билебиз. Бул эмне болгон күндө деле тажрыйба топтоду. Башка бир айтып, дей турган чоң сыноолордон өткөн жагы деле жок.

Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевдин талапкерлиги катар чыгып калган чакта айрым шайлоочулар жаңы адамдан үмүт кылып, ошол тарапка оошу ыктымал.

Бирок оппозициядан генерал Исмаил Исаков да учурда кол топтоо ишин активдүү жүргүзүп жатат. Айрым талдоочулар, генералдын мүмкүнчүлүгү Алай районунда эле эмес жалпы түштүк, өлкө аймагында күчөшү ыктымал дегендер да жок эмес.Дал ошондуктан ага каршы кылмыш иши козголуп, аны соттоп коюу аракети жасалууда.

Бийликтин жообу

Бийлик 17-апрелде оппозициянын 27-мартта митингде кабыл алган талаптарына жооп берди. Анда БЭКтин айрым талаптары мыйзамсыз жана Конституцияга каршы келери белгиленген. Ошол мезгилде оппозиция талаптарынын айрымдары демократиялык нормаларга туура келери, бирок ал президенттин “Жаңы багытында” турмушка ашырылып жатат деп айтылган. Бириккен Элдик Кыймылдын Саясий кеңешинин мүчөсү Иса Өмүркулов бул жоопту бийликтин компромисстен баш тартуусу катары баалады:


-Мен ойлоймун, президент мурунку айткан сөздөрүндө мен оппозициянын радикалдары менен да тегерек столго отуруп, аларды угууга, кызматташууга даярмын деген эле. Анан биздин сунуштарда мыйзамга каршы келген жерлер деле жок болгон. Ошондуктан биз ойлогонбуз бул жолу биздин сунуштарга маани берилет деп. Тилекке каршы бийликте компромисске баруу ою жок окшойт.

Оппозиция президенттик шайлоо алдында Борбордук шайлоо комиссиясынын, күч органдарынын жетекчилеринин, УТРК жана ЭлТРдин Байкоочулар кеңешинин курамынын жарымын оппозициянын сунушу менен дайындоону, саясий куугунтукту токтотуу, талапкерлерге үгүт иштерин жүргүзүүгө бирдей шарт түзүү талаптарын койгон эле.

Бийликтин мындай жообуна оппозиция 20-апрелде маалымат жыйынында жооп берери күтүлүүдө. Мына ошол маалымат жыйынында оппозициянын лидери аталып, ал БЭКтин саясий күрөштөгү тактикасы жана стратегиясы жарыя кылаары белгиленүүдө.








  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG