Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

БЭКтин Аксы районундагы өкүлдөрүн милиция убайым-убарага салууда


БЭКтин Аксыдагы башчысы Кадыралы Жорокуловдун “Азаттыкка” айтымында, аны тартип сакчылары оозеки чакыртып, «27-марттагы митингде жол кыймылына тоскоолдук болду» деп кыйытышып, сотко жиберишкен. Жергиликтүү сот анын аракетинен кылмыш курамын тапкан эмес. Райондук бийликтин алдында өткөн митингдин айланасы БЭКтин өтүнүчү менен аким тарабынан тостурулуп, мыйзам бузуу болгон эмес. Жорокулов мындай аракет өткөн айдан бери күчөгөнүн жана аны кысым жасоо деп түшүнгөнүн билдирди. Уюмдун мүчөсү Эсенгазы Жаныбаев үйүндө жок кезинде келген бейтааныш милиция анын иш-аракетине кызыккан. Район акими Талант Орозов пикирлерди четке кагып, митингге уруксат суралбаганын билдирди.(YA)

XS
SM
MD
LG