Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Иран америкалык журналистти эркинен ажыратты


Иранда АКШнын теги боюнча ирандык журналисти Роксана Сабери айым, туугандары менен адвокаттарынын бүгүн (18-апрелде) билдиргенине караганда, тыңчылык кылды деген айып менен сегиз жылга түрмөгө кесилген. Сабери бир катар маалымат уюмдарынын, анын ичинде АКШнын Улуттук коомдук үналгысынын (NPR) штаттан тыш кабарчысы катары эмгектенчү. Быйыл январь айында камакка алынган Саберинин үстүнөн сот ушул дүйшөмбүдө башталган эле. Адеп башында журналист Иранда кабарчы катары уруксаты жок иштеп жүргөн делип айыпталган. Адвокат Абдолсамад Хоррамшахинин айтымында, ал сот өкүмүнө каршы апелляциялык арызды жолдомокчу. Расмий Вашингтон Роксана Сабери айымды боштондукка чыгаруу чакырыгы менен Иран бийликтерине бир нече ирет кайрылган.

XS
SM
MD
LG