Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

Бишкекте чек арачылардын урматына сейил бакча ачылды


18-апрелде өткөн мындай иш-чара 28-майда белгилене турган Кыргызстандын чек ара кызматынын он жылдык мааракесине арналды. Чек ара кызматынын жетекчиси Замир Молдошев сейил бактын ачылышы өсүп келеткан жаштарды патриоттук сезимде тарбиялоого көмөк берет деп белгиледи. “Сейил бактын ачылышы бул чек арачылардын эмгегине ыраазычылык билдирүү жана таазим көрсөтүү. Кыргызстандагы бейкуттуулукту сакташ үчүн алар өмүрлөрүн беришкен. Келечекте чек арачыларга арналган иш-чаралар мына бул аллеяда өтүп турат”, - деди З. Молдошев. Аталган салтанатка коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров, чек ара кызматы жана шаардык мэриянын өкүлдөрү, ветерандар катышышты. (ES)

XS
SM
MD
LG