Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Америка өлкөлөрүнүн саммити бүгүн аяктоодо


Бул жолку саммит аралдагы мамлекет – Тринидад жана Тобагодо өтүүдө. АКШнын азыркы президенти Барак Обама өзүн позитивдүү өнөктөш катары көрсөткөн бул жыйынды Латын Америка лидерлери ийгиликтүү саммит катары мүнөздөп жатышат.

Вашингтондун аймактагы эң каардуу сынчысы катары эсептелген Венесуэла президенти Уго Чавес кечээ өз өлкөсүнүн элчисин Вашингтонго жакын арада жөнөтүүнү күтүп жатканын билдирди. Ушул эле максатта иштей турганын АКШнын Мамлекеттик департаменти да маалымдады. Чавес АКШнын элчисин былтыр сентябрда коңшу Боливияга “тилектештик” ирээтинде чыгарып жиберген. АКШ буга ушундай эле кадам менен жооп берген.

Саммиттин жүрүшүндө Барак Обама Америка континентиндеги өлкөлөргө “тең укуктуу өнөктөштүктү” убада кылып, ал эми Кансыз согуш доорунан бери эки ортодо душманчыл маанай өкүм сүрүп келе жаткан Кубага өз ара мамилелердеги “жаңы башталышты” сунуштады.

XS
SM
MD
LG