Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:35

Иран журналистти соттогонуна АКШ «абдан иренжиди»


Роксана Сабери Тегеранда, 2003-жылдын 17-сентябры.
Роксана Сабери Тегеранда, 2003-жылдын 17-сентябры.

Президент Обама Иран сотунун АКШнын теги боюнча ирандык журналисти Роксана Саберини 8 жылга түрмөгө кескен өкүмүнө “абдан иренжигенин” билдирди. АКШнын пайдасына тыңчылык кылды деп айыпталган журналистке карата сот өкүмү ушул ишемби күнү чыгарылган эле.

Бул сот иши АКШ - Иран алакаларындагы муз эрий баштаганы тууралуу жоромолдор айтылып жаткан учурга туш келди.

Отуз бир жаштагы Роксана Сабери Кошмо Штаттарда туулуп өскөн, бирок теги боюнча ирандык. Иранда жашап, иштеп жатканына алты жыл болгон. Бир катар маалымат уюмдары, анын ичинде АКШнын Улуттук коомдук радиосу (NPR) менен штаттан тыш кабарчы ирээтинде кызматташып келген.
Роксана Сабери Ирандын мурдагы президенти Мохаммад Хатами менен


Сабери Тегеранда 31- январда камакка алынган. Адегенде ал Иранда тыю салынган жорукка барып, алкоголдук ичимдик сатып алган, андан соң кабарчы катары уруксатсыз иштеп жүргөн деген доого кабылган эле. Ага мындан да олуттуу доо коюлуп, АКШнын пайдасына тыңчылык кылды деп айыпталып жатканы ушул айдын башында эле белгилүү болгон. Сот жараяны дүйшөмбү күнү -13-апрелде башталган. Ал өтө эле тез жана жабык эшик артында өттү.

Журналисттин атасы, Реза Саберинин Тегерандан “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун фарсы кызматына (Фарда радиосуна) билдиргенине караганда, кызы сот өкүмү угузулгандан кийин ага кол койуудан баш тарткан:
Журналисттин ата -энеси Акико жана Реза Сабери

- Мен сотко биздин адвокат менен бардым. Алар мени киргизишкен жок. Бирок биздин адвокат жана айыпталуучу Роксана Сабери болушту. Аларга өкүм - сегиз жылдык түрмө жазасы экенин айтышкан. Роксандан өкүмгө кол койууну суранышканда, ал мындан баш тартып, өкүмдү кабыл албай турганын билдирген. Биз ишти аппеляцияга берүүнү мерчемдеп жатабыз.

Реза Сабери ага катар Ирандын соту ишти кайра карап, өкүмдү өзгөртөөрүнө үмүттөнөөрүн билдирди.

Иран бийлиги соңку жылдардын ичинде өкмөттү кулатуу аракетин жасаган деген айып менен теги боюнча ирандык америкалыктардын бир нечесин камакка алган. Бирок акыркы аягында алардын баары абактан чыгарылган болчу. Роксана Сабериге тагылган айыптарды да четке каккан АКШ анын абактан бошотууга Иран бийликтерин бир нече ирээт чакырган.

Журналист абакка кесилгени маалым болгон соң Иран сотунун өкүмүнө “абдан иренжигенин” оболу Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон, андан соң президент Барак Обама да билдирди.

“Биз Ирандын өкмөтүнө өз тынчызданууларыбыз тууралуу чечкиндүү билдирүүнү улантабыз”, - деди Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон. Клинтондун айтымында, азыр АКШ Швейцариянын Тегерандагы дипломаттары аркылуу сот чечиминин чоо-жайы жана журналисттин ал-акыбалы тууралуу кененирээк маалымат алууга аракеттенүүдө.

Роксана Сабери


Сот өкүмүн “адилетсиз” чечим катары баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Чек арасыз кабарчылар" уюму айыптады. Аталган уюмдун Иран боюнча иликтөөчүсү Реза Моини жакында “Азаттык жана Эркин Европа” радиосуна берген интервьюсунда журналистке коюлган айыптар негизсиз экенин белгилеген:

-Роксана Сабериге гана эмес, 2000-жылдан бери тыңчылык кылды деп күнөөлөнгөн башка журналисттерге коюлган айыптарды бир дагы сот далилдеп бере албай турганы чындык. Биз айыптар негизсиз жана соттун жабык эшик артында өтүп жатканы, ошондой эле журналисттер менен көз карандысыз байкоочуларга бир дагы далилдин берилбенгени мунун белгиси деп эсептейбиз.


Чек арасыз кабарчылар уюмунун өкүлү Реза Моини кошумчалагандай, учурда Иранда жети журналист жана үч блоггер түрмөдө олтурат. Алардын үчөөсү (Adnan Hassanpur, Mohammad Sadigh Kabuvand, Mohammad Hassan Falahizadeh) Сабери сыяктуу эле тыңчы деген айып менен узак мөөнөткө эрикинен ажыратылган:

- Иран - журналисттер үчүн Жакынкы Чыгыштын эң чоң түрмөсү. Өлкөдө сөз эркиндиги жок. Журналисттер журналисттик ишине эч тиешеси жок айыптардан улам Домокл кылычы астында жүрүшөт.

Айтор АКШнын теги боюнча ирандык журналистинин соттолусу эки өлкөнүн алакаларына терс таасирин тийгизүүсү мүмкүн. Бул окуя АКШ президенти Барак Обама отуз жылдык тыныгуудан кийин Иран менен карым-катнашты убада кылган учурга туш келүүдө. 1979-жылкы Ислам ыңкылабынан бери эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамиле жок.

Иран бийликтери Вашингтондун жасалган соңку билдирүүлөргө АКШнын сөздөрү эле эмес, аракеттери да өзгөрүүсүн көргүсү келээрин айтып жооп беришкен.

Ушул шаршемби күнү президент Махмуд Ахмадинежад Тегеран Батыш менен өзүнүн өзөктүк програмасына байланышкан талаштагы туңгуюктан чыгуу үчүн жаңы сунуштарды даярдаганын билдирди.

Айрымдар Роксана Сабери Ирандын АКШ менен мамиле оңолуусуна каршы күчтөрүнүн курмандыгы болду деп эсептешсе, экинчилери Тегеран балким аны Американын камагындагы өз жарандарын бошотуу максатында соодалашуу үчүн колдонот деп болжошууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG