Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

БЭК бүгүн бирдиктүү талапкерин жарыялайт


Бүгүн Бирдиктүү элдик кыймыл маалымат жыйынын өткөрүп, БЭКтин президенттик шайлоого катышчу бирдиктүү талапкерин жарыя кылат. Мындай маалыматты “Азаттыкка” БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, БЭК андан кийин мындан аркы милдеттерин талкуулап, кандай аракеттерге барарын чечет. БЭК буга чейин оппозициянын 27-марттагы митингде кабыл алган талаптарын бийлик аткарбаса мөөнөтсүз митингдерди өткөрөрүн жарыя кылган. Бийлик жума күнү оппозиция койгон беш талаптын баары тең Конституция менен мыйзамдарга карама-каршы келет деп, ишке ашыруу мүмкүн эмес экендигин билдирген.(BD)

XS
SM
MD
LG