Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Иран президенти камактагы журналисттердин укугун коргоону талап кылды


Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад тыңчылык кылды деген айып менен камакка алынган иран-америкалык журналист Роксана Сабери менен иран-канадалык блоггер Хуссейн Деракшан өздөрүнүн мыйзамдуу коргоо укуктарынан тоскоолдуксуз пайдалануулары керек деп билдирди. Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттарынын айтымында, президент Ахмединежаддын мындай маанайдагы каты Тегерандагы башкы укук коргоо органдарына жиберилген. Роксана Сабериге 18-апрель күнү АКШга тыңчылык кылган деген айып тагылып, 8 жылга соттолгон. Ал эми блоггер Деракшан 2008-жылдын ноябрынан бери абакта жатат. Ага коюлган айыптар дале белгисиз.

XS
SM
MD
LG