Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Көп өлкөлөрдө Пасха майрамы белгиленүүдө


Дүйнөдөгү ортодокс же православ христиандары Исанын тирилишин, пасханы майрамдашууда. Москва калаасында Орусиянын патриархы Кириллдин жетекчилиги астында ырасмий каадалар жасалып, ага премьер-министр Владимир Путин менен президент Дмитрий Медведев катышты. Кийинчерээк патриарх Кирилл Орусиянын «Вести» каналы аркылуу сөз сүйлөп, ушул тапта батыш улуттары руханий кризиске туш болушканын айтты. Айта кетсек, грек ортодокстору, армяндар жана түштүктөгү башка ортодокстор пасханы бир жума айырма менен майрамдашат. Анткени алар ушул кезге чейин ар башка календарды колдонуп келишет.

XS
SM
MD
LG