Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:10

Президенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерине массалык маалымат каражаттарынын катышуу шарттары тууралуу “Азаттыктын” таңкы түз ободогу суроолоруна БШКнын мүчөсү Самат Бөрүбаев жооп берди.

- Самат мырза, сиз БШКда маалымат каражаттарын каттоо боюнча топту жетектейсиз да?

- Туура.

- Азыр эми президенттик шайлоодогу үгүт иштерине катышуу ниетин билдирген маалымат каражаттары канча болду азыр? Каттодон өткөнү, өтпөгөндөрү тууралуу айтсаңыз.

- Ушу жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо боюнча Шайлоо кодексине ылайык он күндүн ичинде өзүнүн эфир убактысы жана басма сөз аянты үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө, шайлоого катышууга даярдыгы жөнүндө билдириши керек эле. Бизге он күн ичинде 140тан ашык массалык маалымат каражаты кайрылды. Биз кодекстин талаптарын сактаган, үгүт иштерине катышам деген бардык массалык маалымат каражаттарына укук берүү чечимин кабыл алдык. Алар 133 маалымат каражаты болду. Анын ичинде 90дон ашыгы басылма, 24 телерадиоберүү каналдары, 20дай радио уктуруулар жана үч сайт бар.

- Ошол кайрылган маалымат каражаттарынын ичинен бешөө каттоодон алынды, дагы бешөөнө кошумча убакыт берилди деген расмий маалымат тарады эле. Себептерин айта аласызбы?

- Он күндүн ичинде БШКга билдириши керек эле. Андан тышкары акы төлөө өлчөмүн жарыялаш керек эле. Мына ушул талаптарды аткарбаган беш маалымат каражаты укук албай калды.

Дагы беш маалымат каражаты боюнча: Шайлоо кодексинин 30-беренесинин 14-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында таратылчу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарына шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат да. Ошонун негизинде дагы беш маалымат каражатына убакыт бердик. Алар ушул убакыт ичинде өздөрүнүн уюштуруу келишимдерин, уставдарын алып келсе, алардын катышуу-катышпоосу боюнча жумушчу топ талдап, БШКнын кароосуна алып чыгат.

- Чет өлкөлүк ошол маалымат каражаттары Кыргызстандын мыйзамдарына кайчы иштебей тургандыгын далилдеп бериш керек экен да?

- Аларды уюштуруучулар кимдер? Чындыгында эле бизде шайлоого чет өлкөлүк жарандар, чет өлкөлүк уюмдар, кыймылдар катышканга тыюу салынат да. Ээси ким экенин тактасак ошого карап туруп чечим кабыл алабыз.

- Маалымат каражаттарынан документтерди кабыл алуу аяктадыбы?

-Ооба, бүттү. Анткени массалык маалымат каражаттары 31-мартка чейин өздөрүнүн үгүт иштерине коюла турган бааларын жарыялашы керек эле. Бул убакыт өтүп кетти.

- Эми шайлоо жараянынын маалында Кыргызстандагы жалпы маалымат каражаттарына коюлчу негизги талаптар кайсылар?

- Башкы талап – Шайлоо кодекси үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салат. Үгүт иштери бардык талапкерлер толук катталып бүткөндөн кийин, башкача айтканда 18-июндан баштап жүргүзүлөт. Ушуга чейин массалык маалымат каражаттарына үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

- Үгүт иштери менен маалыматты айырмалоочу кандай чектер көрсөтүлгөн?

- Албетте, буга шайлоо алдындагы үгүт иштери тигил же бул талапкерге добуш берүү же бербөө жөнүндөгү үндөөлөр кирет. Ошондой эле талапкерлердин бирине артыкчылык берүү, талапкерлерди шайлоо-шайлабоонун жыйынтыктары жөнүндө алдын ала сүрөттөө, талапкер жөнүндө басымдуулук кылган маалыматтарды таратуу – бул үгүт иштерине кирет.

-Андайда мыйзам чегинде жооп берүүгө туура келет экен да?

- Ошондой.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG