Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:12

Шайлоодо оппозиция утулса, элдин утулганы


Мындай пикирин Социал-демократиялык партиянын лидерлеринин бири Бакыт Бешимов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Ал эми оппозициядан президенттикке бирдиктүү талапкер болуп көрсөтүлгөн Алмазбек Атамбаев президенттик шайлодо жеңип чыгууга ишенерин, эң негизги маселе берилген добуштарды өз калыбында санап алууда экенин белгиледи. Атамбаевдин президенттикке талапкерлиги 25-апрелде Аламүдүн районундагы Арашан айылында боло турган элдик курултайда расмий түрдө көрсөтүлөт. Мына ошондон кийин Алмазбек Атамбаев кеңири маалымат жыйынын өткөрүүнү белгилеп жатат.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG