Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:30

Николай Бордюжа Бишкекте маалымат жыйынын өткөрдү


Кыргызстанда сапар менен жүргөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа 20-апрелде тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев жана Коопсуздук кеңештин катчысы Адахан Мадумаров менен жолугушуудан кийин маалымат жыйынын өткөрдү. Анда Бордюжа НАТОнун Грузияда аскерий машыгуу өткөрүүсүн Михиал Саакашвилини колдогон алысты көрө албаган саясат катары баалады. Ал эми Борбор Азиядагы суу-энергетикалык маселеге токтолуп, ал чоң чатакка айланбайт, кошуна мамлекеттер орток тил табышат деп билдирди. Бордюжа ошондой эле Өзбекстан ЖККУнун иш чараларына толук катышпай жатканын белгилей кетти. ЖККУнун Баш катчысы бүгүн түштөн кийин президент Курманбек Бакиев менен жолугушат. Ал эми 21-апрелде өлкөнүн түштүгүндө болот.(AiT)

XS
SM
MD
LG