Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

Жогорку Кеңештин депутаттары Камбар-Ата ГЭСинде болушту


Парламенттин маалымат кызматынын бүгүнкү кабарлоосуна караганда, депутаттардын тобу Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу менен таанышып кайтышты. Депутаттардын маалыматы боюнча курулуш иштери азыркы мезгилге карай 70% бүткөрүлгөн жана быйыл 22-декабрда ГЭСтин биринчи агрегаты ишке киргизилмекчи. Депутаттар ошондой Камбар-Ата-1 ГЭСи курула турган тарапка да жол куруу башталганын, ГЭСти куруу башталышы менен 10 миң киши жумуш менен камсыз болоорун кошумчалашкан. Камбар-Ата ГЭСинин курулушунда депутаттар К.Жолдошев, А.Байтиков, З.Бекенова, Р. Абдыраимов, Б.Төрөбаев, А.Бурханов жана А.Кулбаев болгон.(AiT)

XS
SM
MD
LG