Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:16

Статистикалык комитеттин төрагасын президент кабыл алды


20-апрелде болгон кабыл алууда Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Орозмат Абдыкалыков эл жана өлкөнүн турак-жай фондун каттоонун алдын-ала жыйынтыктары менен президент Курманбек Бакиевди тааныштырды. О.Абдыкалыковдун маалыматы боюнча, эл каттоо учурунда 5 миллион 400 миң баракча толтурулган. Алардын баарын санап, толук жыйынтык октябрь айына барып чыгарылат. Өз кезегинде мамлекет башчысы жыйынтыкты чыгарууда эл аралык алдыңкы тажрыйбаны пайдалануу менен маалыматтарды өз убагында жана сапаттуу чыгаруу зарылдыгын белгилеген. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)


Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG