Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:05

Женевада БУУнун расизм боюнча жыйыны башталды


Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун бир катар мамлекеттердин расизм боюнча конференцияга катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу өкүнүчүн билдирди. Баш катчы экономикалык кризистин натыйжасында пайда болгон толерантсыздык коркунучун жоюу керектигин белгиледи. Канада, АКШ, Израиль, Германия жана бир нече өлкө мусулман мамлекеттери аны Израилди сындоо үчүн пайдаланышат деген чочулоодон улам, жыйынга өз өкүлдөрүн жибербөөнү чечишкен. Франция Женевадагы элчиси катышаарын, бирок конференция Израилди сындоо сахнасына айланса, конференциядан чыгып кетээрин маалымдаган. 2001-жылы Түштүк Африкада ушундай эле жыйын өтүп, араб мамлекеттери сионизмди расизм катары баалоого аракеттенишкенде АКШ жана Израиль өкүлдөрү конференцияны таштап кетишкен. Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад бүгүн кечинде сөз сүйлөмөкчү. Израиль Ахмадинежаддын катышуусуна нааразылык иретинде Швейцариядагы элчисин чакыртып алды.

XS
SM
MD
LG