Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:20

Исмаил Исаковго байланыштуу сот иши белгисиз мөөнөткө жылдырылды


Бул тууралуу анын адвокаты Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” бүгүн билдирди. Анын айтымында, Исмаил Исаков жана анын адвокаттары ишти карап жаткан Бишкек гарнизондук судьясына ишеним көрсөтпөй тургандыгын 28-мартта жарыялаган. Аскердик соттун коллегиясы ал маселени карап, адвокаттардын арызын кабыл алган эмес. Адвокаттар сотко ишеним көрсөтпөө маселесин көзөмөлдөөчү сот инстанциясы болгон Жогорку Сот кароого тийиш деп, аны аныктоо үчүн Конституциялык сотко бүгүн арыз менен кайрылышкан. Ошондуктан бул маселе Конституциялык сотто чечилгенге чейин соттук териштирүү токтотулду. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG