Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Иранда сот жетекчиси журналист Р.Саберинин арызын адилет кароого үндөдү


Анын алдында Тегеран Вашингтонду анын ишин саясатташтырбоого чакырган. Теги ирандык америкалык журналист Иран соту тарабынан АКШнын пайдасына тыңчылык кылган деген айып менен ишембиде 8 жылга түрмөгө кесилген. Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Хасан Кашкави журналисттин апелляциялык арыз берүү укугу бар, бирок АКШ Иран сотунун чечимин жана көз карандысыздыгын урматтоого тийиш деп белгиледи. Америкалык президент Барак Обама Саберинин соттолушуна байланыштуу камтамачылыгын билдирип, журналисттин актыгына ишенээрин айткан. Саберинин иши Обама Иран менен мамилелерди оңдоо аракетин көрүп жаткан маалга туш келүүдө. Кечээ Иран президенти Махмуд Ахмадинежад Сабериге өз укуктарын колдонууга мүмкүнчүлүк берилиши керек деп сотту үндөгөн.

XS
SM
MD
LG