Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:30

Ош областында тамеки айдалган аянттар кыскарууда


Ош облус губернатору Аалы Карашевдин «Азаттыкка» маалымдашынча, мындан сегиз жыл мурун 7743 гектар аянтка тамеки эгилип, андан 19292 тонна түшүм жыйналган. Облус жетекчисинин сөзүнө караганда, былтыр 4480 гектардан 11 309 тонна «сары алтын» топтолгон. Тилекке каршы, сортуна жараша 22 жана 38 сомдон чет өлкөлүк ишканаларга сатылышы бул техникалык өсүмдүктү өндүрүүгө корогон чыгымды актабай келүүдө, ошондуктан дыйкандар түйшүгү жеңил жана кирешеси көп тармактарга ооп кетүүдө. Көз карандысыз экономист Эркин Абдыразаковдун көз карашында кыргыз өкмөтү тамекиге болгон монополияны жоюп, «сары алтынды» мамлекеттик заказдын негизинде өндүрүүнү жолго коймоюнча маселе чечилээри күмөн. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG