Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Расизм конференциясы жаңжал менен башталды


Швейцария -- Евросоюздун делегаттары иран президенти Махмуд Ахмединежад Израилди "расисттик өкмөт" деп атаган соң конференция өтүп жаткан залдан чыгып кетишти.
Швейцария -- Евросоюздун делегаттары иран президенти Махмуд Ахмединежад Израилди "расисттик өкмөт" деп атаган соң конференция өтүп жаткан залдан чыгып кетишти.

Расизм маселеси боюнча Улуттар Уюмунун Женевадагы конференциясы дүйшөмбү күнү жаңжал менен башталды. Жыйында сөз алган иран президенти Махмуд Ахмединежад Израилди сынга алып, аны "расисттик өкмөт" деп атады. Евросоюз өлкөлөрүнүн делегациялары нааразылык билдирип, залдан чыгып кетишти. Иран президентинин сөзүн Батыш өлкөлөрү, Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун айыпташты.

Иран президенти конференциядагы сөзүндө Израилди "ырайымсыз, репрессивдүү жана расисттик режим" катары сыпаттады.

Еврей мамлекетин түзгөндөрдү сынга алып, Махмуд Ахмединежад: "Дүйнөлүк экинчи согуштан кийин алар Холокост убагында еврейлер куугунтукталып,азап-тозок көргөн деген шылтоого жамынып, бүтүндөй элди үй-жайынан ажыратышты.Европадан,АКШдан жана башка өлкөлөрдөн жөөт иммигранттарын топтоп, Жакынкы Чыгышка алып келишти жана Палестинанын оккупацияланган жеринде расисттик өкмөт түзүштү",-деп айтты.

Анын бул сөздөрүн жыйынга катышып отургандар ар башкача кабыл алышты. Батыш дипломаттары, Евросоюз өлкөлөрүнүн көпчүлүк делегациялары залдан чыгып кетишти, калгандары тынымсыз үстөл бетин ургулап, дуулдап турушту.Кол чаап кубаттап, коштогондор да болду.

Ага чейин Ахединежад жаңыдан эле сөз алганда залдагы коомдук активисттердин айрымдары аны "расист" деп атап, колуна урунган бирдеме менен атып урмак болушту. Коопсуздукка көз салган адамдар аларды залдан алып чыгып кетишти.

Конференциядагы жаңжал көп аялдабай эле дипломатиялык аразга айланды. Израил Женевадагы элчисине токтоосуз Тел-Авивге кайтканга көрсөтмө берди. Буга кошо израил бийликтери Швейцариянын президенти Ханс-Рудолф Мерцти жыйын башталардан бир күн мурун Ахмединежадды кабыл алганы үчүн айыпташты.

"Израил жана бүткүл дүйнө Холокост курмандыктарын эскерүү күнүн белгилегени жаткан кезде Женевада расисттик конференция ачылып,анда – ким дебейсиңерби – Израилди жер бетинен жексен кылууга чакырып,Холокостту жомок деп танган адам – Ахмединежад башкы докладчы болгонуна бир чети жаным кашайып,бир чети жерге киргидей болуп уялып турам. Акыры бардык нерсенин, атүгүл швейцариялык нейтралитеттин да ченем-чеги болушу керек го?!”-деп ачууланды Израил президенти Шимон Перес.

Кусаматчылыкты козутуп,ким бирөөнү айыптоо максатында эл аралык абройлуу трибунаны пайдаланганы үчүн иран президентин Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун да сынга алды.

"Эми бизге расизм сыяктуу олуттуу проблемада конструктивдүү чечим табуу алда канча кыйын болмокчу.Келечекте биригүүгө үндөгөн менин чакырыгымы иран президенти кулак сыртынан кетиргени өтө өкүнүчтүү", - деп белгиледи баш катчы.

Франциянын президенти Николя Саркози Евросоюздан Ахмединежаддын сөзүнө өтө катаң жооп берүүнү талап кылды.

Женевадагы конференцияга иран президенти катышканы жатканы үчүн Батыштагы бир катар өлкөлөр, алардын ичинде АКШ,Канада, Германия, Италия, Голландия,ошондой эле Австралия,Жаңы Зеландия жана башкалар жыйынга баргандан баш тартышкан.

Форумдун корутунду документи боюнча да батыштагылар менен жакынкычыгыш өлкөлөрүнүн ортосунда олуттуу талаштар бар.

Конференция беш күнгө созулат. Бирок аны биринчи күнү эле иран президенти бир топ иритип кеткенсиди.

Ахмадинежадга көп дипломаттар нааразы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:14 0:00



Тасма: Иран президенти Ахмадинежадга көп дипломаттар нааразы

Женевада БУУнун расизм тууралуу жыйынында Иран президенти Махмуд Ахмадинежад Израилди расисттик режимге теңеп сүйлөп жатканда бир катар өлкөлөрдүн дипломаттары нааразылык иретинде залдан чыгып кетишти. 2009-жылдын 20-апрели.

XS
SM
MD
LG