Талкуу Бишкектеги “Ак кеме” мейманканасында болуп, ага мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештеги коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев, эл аралык уюмдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышат. Депутаттар сунуштаган мыйзам долбоорунда өкмөттүк эмес уюмдардын укуктары чектелет деген жарандык коомдун өкүлдөрү ага кескин каршы чыгып келатышат.(AiT)