Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Жогорку Кеңеште Бишкектеги үч райондун атын өзгөртүү демилгеси көтөрүлдү


Социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Муратбек Жураевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, алар депутат Аскар Салымбеков менен биргеликте Биринчи май районун Чыңгыз Айтматов атындагы, Октябрь районун Исхак Раззаков атындагы, Свердлов районун Төкөлдөш району деп атоо тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Учурда бул маселе фракцияларда макулдашылууда. Депутаттар борбордогу Ленин районун өзгөртпөй калтырууну чечип жатышат. Анткени Лениндин кыргыз элине тийгизген жакшылыгы арбын. Райондордун атын өзгөртүү быйыл ишке ашууга тийиш, анткени кыргыз коомчулугу өткөн жылы Чыңгыз Айтматовдун сексен жылдыгын, келерки жылы болсо Исхак Раззаковдун жүз жылдыгын белгилейт.(AiT)

XS
SM
MD
LG