Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:13

Женевадагы расизмге каршы күрөшүү жыйынында жаңжал чыкты


Улуттар уюму уюштуруп жаткан бул жыйынга Иран президенти Махмуд Ахмединежаддын катышары белгилүү болгондон тартып эле Израиль жана батыштын бир канча өлкөлөрү жыйынга бойкот жарыялап жатышкан. Ахмединежад жыйындын биринчи күнү эле сөз сүйлөп, Израиль батыш өлкөлөрүн тукуруп, жыйынды бойкоттоону уюштуруп жатат деп айыптап, Израилди расисттик мамлекет деп атады. Кийинчерээк БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Ахмединежадды сынга алды. Ахмединежаддын сөзүнөн кийин учурда Европа биримдигине төрагалык кылып турган Чехия да жыйынга катышпай турганын билдирди. Жыйынды Израиль, Канада, АКШ, Австралия, Германия, Италия, Нидерланды, Жаңы Зеландия мамлекеттери бойкоттоп келатышат.(AiT)

XS
SM
MD
LG