Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Ооганстанда согушчандардын чабуулунан полиция үч кызматкеринен айрылды


Маалыматтарга ылайык Ооганстандын түштүгүндөгү кагылыштарда үч полиция набыт болду. Забул вилаятында талиптер менен болгон кагылышта ооган полициясы эки кызматкеринен айрылган. Ооганстандын күч органдарынын өкүлү Жавид Хандын айтымында, кагылышта 15 талип согушчаны жок кылынган. Кандагарда болсо жол боюна коюлган талиптердин бомбасынан бир полиция мерт болгон. Урузга вилаятында ушундай эле бомбадан бир тынч жаран набыт болсо, Хост вилаятында эки тынч жаран өмүрүнөн айрылган.

XS
SM
MD
LG