Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:08

Женевадагы расизмге каршы күрөшүү жыйынында Иран президенти Израилди «расист мамлекет» деп тилдеди


Улуттар уюму уюштуруп жаткан бул жыйынга Иран президенти Махмуд Ахмединежаддын катышары белгилүү болгондон тартып эле Израиль жана батыштын бир канча өлкөлөрү жыйынды бойкоттоп жатышат. Ахмединежад жыйындын биринчи күнү эле сөз сүйлөп, Израиль батыш өлкөлөрүн тукуруп, жыйынды бойкоттоону уюштуруп жатат деп айыптап, АКШ, Израиль жана Европадагы бир катар мамлекеттерге сөөмөй кезеди. Кийинчерээк БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Ахмединежаддын айткандарын айыптады. Ахмединежаддын сөзүнөн кийин учурда Европа биримдигине төрагалык кылып турган Чехия да жыйынга катышпай турганын билдирди. Жыйынды Израиль, Канада, АКШ, Австралия, Германия, Италия, Нидерланды, Жаңы Зеландия мамлекеттери бойкоттоп келатышат.

XS
SM
MD
LG