Бул тууралуу өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин басма сөз катчысы Татьяна Анкудович “Азаттыкка” кабарлады. Ага ылайык 20-апрелден тартып Кыргызстандын бардык аймактарында электр жарыгын өчүрүү толугу менен токтотулат. Бул Токтогул суу сактагычындагы суу агымынын көбөйүшүнө байланыштуу. Акыркы маалыматтар боюнча 20-апрелде суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү сарпталган суунун көлөмүнөн секундасына 50 куб метрге ашып түштү. Ал эми Токтогул суу сактагычындагы суунун азыркы көлөмү 6 млрд. 318 млн. куб метр.
Электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү өткөн жылы апрель-май айларынан тартып киргизилген. Ага ылайык Кыргызстандын бардык аймактарында электр жарыгы 6 сааттан 10-12 саатка чейин өчүрүлүп келген.(ZKo)