Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:01

Чүйдө эң ири ишкердик борбор курулат


Бул туурасында облустук администрациянын басма-сөз катчысы Айнура Темирбекова “Азаттыкка” билдирди. Чүйдөгү алгачкы ири борбор инвестиция тартуу максатында курулуп жатат. Анда ишкерлердин жыйындары өткөрүлөт, ошондой эле чет элдик конокторду кабыл алуучу негизги жай болот. Учурда курулуш ишине Чүйдөгү тогуз райондун акимдери, шаар башчылары колунан келген жардамдарын көрсөтүштү. Кошумча чогултулган акча 4 млн сомдон ашты. Буга кошумча аймактагы ишкерлер курулуш материалдарынан жардам бермей милдетин өздөрүнө алышкан. Аталган жайдын долбоорун чийчүлөр имарат улуттук өң- түстө, элдик архитектуранын стилинде салынаарын айтышууда. Токмок шаарынан анча алыс эмес жерге курула турган ишкердик борборунун жалпы аянты 400 чарчы метр. (JJ)

XS
SM
MD
LG