Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:05

И. Чудинов: Уу калдыктар жалпы Борбор Азияга коркунуч келтириши мүмкүн


Мындай пикирин кыргыз өкмөт башчысы бүгүн уулуу таштандылар көйгөйүнө арналып болгон аймактык жыйында билдирди. Игорь Чудиновдун айтуусунда Кыргызстанда уулуу таштанды төгүлгөн жайлар дарыяларга жана башка суу агып өтүүчү жерлерге өтө эле жакын төгүлгөндүктөн, алардын Кыргызстанга эле эмес, жалпы Борбор Азияга коркунуч келтирет. “Мындай таштанды төгүлгөн жайлар бизге СССРдин аскердик өнөр-жайынан мураска калган. Учурда мындай жерлер четинен бузулуп, айлана-чөйрөгө коркунуч келтирүүдө. Мамлекет жыл сайын бул маселени чечүү үчүн аз эмес өлчөмдө каражат бөлөт, бирок уулуу таштандылар көйгөйү масштабдуу болгондуктан, өзүбүздүн күчүбүз жеткидей эмес,” деп белгилеген премьер-министр уу калдыктарынын кесепетинин алдын алуу үчүн дүйнөлүк коомчулуктан кошумча жардам зарылдыгын кошумчалады. Уу калдыктарына байланыштуу аймактык төрт күндүк жыйын бүгүн Бишкекте башталды. Анда Кыргызстандагы Майлуу-Суу, Кажы-Сай, Миң-Куш сыяктуу жерлердеги уулуу заттарды зыянсыздандыруу, аларга тынымсыз байкоо жүргүзүү маселеси талкууга алынууда. Жыйынга эл аралык уюмдардан, Борбор Азия мамлекеттеринен өкүлдөр, донорлор катышууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG